www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтогазиевди эттен башкасы кызыктырбайт го сыягы

Бүгүн, 16-декабрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Тариел Жоробеков ун жана суу майдын баасын көзөмөлдөө боюнча маселе көтөрдү.

Анын айтымында, министр Токтогазиев эт маселесине басым жасаганы менен башка азык-түлүктөрдүн баасына көңүл бурулбай жатат.

«Эттин баасын түшүрүү боюнча маселе көтөрүп жатабыз, а эмне үчүн ундун баасын түшүрүү боюнча маселе көтөрбөйбүз? Март айында бир кап ун 1300 сом эле, а бүгүн 2100 сом болду.

Ошондой эле суу майды айталы. Сиз эт маселесине басым жасадыңыз, эмнеге буларга басым жасабайсыз?», – деп суроо узатты депутат айыл чарба министри Тилек Токтогазиевге.

Токтогазиев Айыл чарба министрлиги социалдык жактан маанилүү товарларга басым жасап жатканын айтты.

«Бир аптада 2-3 жолу өкмөт менен жыйын өткөрүлүп жатат. Анын ичинде ундун баасын дагы көзөмөлдөп жатабыз», – деди Токтогазиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости