www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтогазиев: «Өлкөдө сүт палатасы түзүлөт»

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде өлкөнүн сүт палатасын түзүү боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, сүт палатасын түзүү боюнча демилгелүү топтун курамына сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын жетекчилери, фермерлер жана министрликтин тиешелүү адистери кирген.

«Сүт палатасы инфраструктураны өнүктүрүү, ачык-айкын инвестициялык климатты түзүү жана инвестицияларды тартуу боюнча көптөгөн артыкчылыктуу функцияларга ээ болот.

Ар бир тармактын өзүнүн адистери бар, тармакты өнүктүрүү жана өзүнүн саясатын жүргүзүү үчүн ассоциацияларды түзүп, олуттуу маселелерди чече алышат. Сүт палатасы ушундай ийгиликтүү мисал болуп калат», - деп билдирди Тилек Токтогазиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости