www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармакта Токтогул ГЭСинде такталбаган маалымат боюнча 200гө чукул Тажик жараны иштеп жатканын Турду Акматалиев аттуу колдонуучу Фейсбук баракчасына жазып чыкты. Анда ал чек ара жаңжалынан кийин алардын иштеп жатканына кабатыр болууга негиз бар деген таризде билдирүү жазган.

"Баткенде тажиктер менен куралдуу кагылышуу болуп 37 адам окко учуп, 200гө жакыны ар кандай деңгээлде жаракат алышты.

Бирок биздин стратегиялык жашыруун объектибиз болгон Токтогул ГЭСинде такталбаган маалымат боюнча 200дөй тажиктер оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатат.

Тажиктер Токтогул ГЭСине жарылуучу зат коюп же башка зыян келтирүүчү иштерди жасабайт деп ким кепил болот?" - деп жазып калтырган Турду Акматалиев.

Аталган постту социалдык тармактын колдонуучулары өз баракчаларында активдүү бөлүшкөн.

Жогорудагы билдирүүгө тактоо киргизүү максатында "Электр станциялары" ААКсынын маалымат кызматына байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык.

"Социалдык тармактарда учурдагы кырдаалды түшүнбөй, чиновниктерди башаламан айыптап жаткан айрым активисттердин маалыматы жетишсиз экендигин эске алып, жооп иретинде ачык-айкындуулук келтирип өтөбүз.

СССР урагандан кийин Кыргыз Республикасынын энергетикалык тармагы экономикалык жана финансылык кризисти ар дайым башынан кечирип келет жана өздүк акча каражаттарынын таңкыстыгы да бар. Энергетикалык объектилерди реконструкциялоого Кыргыз Республикасы эл аралык өнүктүрүү ассоциацияларынын инвестицияларын тартууга мажбур, аны менен катар өкмөт Токтогул ГЭСинин реабилитациялоосун (ал 45 жылдан ашык иштеген, жана анын жабдууларынын 75 пайызы эскирген) каржылоо үчүн эл аралык өнүктүрүү ассоциацияларына (донорлор) кайрылган.

Кыргыз өлкөсүнүн кайрылуусуна эл аралык донорлор жооп кайтарган жана Токтогул ГЭСин реабилитациялоо үчүн акча каражаттарын бөлүп берүүгө макул болушкан, бирок эл аралык сынактык тооруктардын шартында гана. Ошондой эле донорлор тарабынан бөлүнгөн акча каражаттардын бөлүгү гранттык каражаттар болуп саналарын билдирип кетебиз.

Мында өкмөт жардам берүү максатында (Кыргыз Республикасына акысыз жардам катары), Донорлор өзүлөрүнүн финансылык каражаттарына Токтогул ГЭСин реабилитациялоо боюнча долбоорлордун техникалык-экономикалык негиздемесин (мындан ары ТЭН) иштеп чыккан эл аралык консалтинг компанияларын жалдашкан, ошондой эле эл аралык келишимдердин шарттарына ылайык, эл аралык конкурстук тооруктарды жарыялоо үчүн тендердик иш кагаздар иштелип чыккан. Жогоруда айтылгандай, тендердик процесстердин бардыгы эл аралык донорлордун шарттарына жана жол-жоболоруна, өкмөт жана донорлор ортосунда кол коюлган эл аралык макулдашууларга жана ратификацияланган макулдашууларга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлгөн. Ушуга байланыштуу Кыргыз өлкөсү кайсы бир өлкөлөрдү кандайдыр бир жеке кастыктын негизинде эл аралык конкурстук тооруктарга катышуу мүмкүнчүлүгүн чектей албайт жана кандайдыр бир компанияга же уюмга артыкчылык бере албайт.

Эл аралык конкурстук тооруктардан кийин жана донорлордун жактыруусунан кийин гана GE HydroFrance (Франция) жана GE Renewable (Швейцария) (мындан ары Подрядчы) консорциуму тарабынан Токтогул ГЭСинин гидроэлектрстанцияларды алмаштыруу боюнча башкы подрядчы консорциум болуп тандалган, себеби алар эң төмөнкү бааны жана эл аралык талаптарга жооп берген шартты сунуштаган.
Эл аралык донордун стандарттык келишимине ылайык, подрядчы субподряддык уюмду өз алдынча тандоо укугуна ээ.

Ошондой эле Токтогул ГЭСинде "Тажик СГЭМ" АКы штаттык жүгүртмөдө экенин, Тажикстандын 200 жараны эмес, 70 жараны гана иштээрин билдирип кетебиз, ошондой эле бул уюмда Кыргыз Республикасынын 70тен ашык жараны иштеп жатышат.

Токтогул ГЭСинде тажиктерден тышкары Франциянын, Түштүк Кореянын, Латвиянын, Түркиянын жарандары эмгектенип келишет, башкача айтканда, бул долбоор эл аралык мамилелерди чыңдоого түрткү берүүчү эл аралык жана көп улуттуу долбоор болуп саналат", - деп билдиришти мекемеден.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости