www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКИpress - COVID-19га байланыштуу ден соолукка коркунучтардан улам, АКШнын Мамлекеттик департаменти саякатчыларга азырынча Кыргызстанга келбей турууну сунуштады.
Ооруларды контролдоо жана алдын алуу борборлору (CDC) Кыргызстандагы жарандардын абалы жөнүндө билдирүү жарыялады. Анда өлкөдөгү коронавирус боюнча абал 4-даражада экени айтылат. Бул COVID-19 илдетинин денгээли «өтө жогорку» дегенди билдирет.
АКШ элчилигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тутуму чектөөлөргө дуушар болот жана жардам дайыма эле жеткиликтүү боло бербейт. Кыргызстандагы АКШ жарандары илдетти жугузуп алуудан коргонуу боюнча Ооруларды контролдоо жана алдын алуу борборунун көрсөтмөлөрүн сактоону улантышы керек.
Булак: NazarNews.kg