www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул саммит ОДКБнын алдыдагы багытын аныктай турган катардагы жыйын. Мындай пикирин саясат талдоочу Токтогул Какчакеев Nazar News маалымат агенттигине билдирди.

--Путиндин саммитке келиши региондогу саясий баланс жана коопсуздук маселелерине кандай таасир этет деп ойлойсуз?

-- Бул саммит жөн эле протоколдук жолугушуулардан эмес  регионалдык коопсуздукту аныктаган стратегиялык деңгээлдеги жыйын болуп жатат.

Президенттин админстрациясы тараткан маалыматка караганда, анда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык кызматташтыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо багыттары боюнча талкуу өткөрөт. Ошондой эле бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу мерчемделүүдө.  Эң негизги өзгөчөлүк  ОДКБга мүчө мамлекеттердин ичинен жалгыз Владимир Путин гана мамлекеттик визит менен келди. Бул – маселелердин салмагы жеңил эмес экенин айкын көрсөтүп турат.
Саммитте талкуулана турган темалар да кадимки эмес:

ОДКБнын Башкы катчысынын кызмат ордуна жаңы талапкер бекитилет. Учурда бул орунга   Т.Масадыков  көрсөтүлүп жатат деген маалыматтар айтыла баштады.

Украинадагы согуштук аракеттерден алынган сабактар, өзгөчө дрондорду колдонуу, алардан коргонуу, электрондук күрөш сыяктуу тактикалык маселелер каралат.
Коопсуздук жана өз ара аскердик кызматташтык боюнча жаңы келишимдерге кол коюу күтүлүүдө.
Кыскасы, бул саммит  катардагы жолугушуу эмес борбор Азиянын коопсуздук архитектурасын, ОДКБнын алдыдагы багытын аныктай турган жыйын.

Последние новости