www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттигине саясий серепчи Токтогул Какчекеев  чек арадагы айрым жагдайлар жана контрабандисттер боюнча маек курду.

--Токтогул мырза, акыркы мезгилде чек арадагы чыккан чыр адатка айланып, ок атылып, адам өмүрүнө кол салган  жагдайлар орун ала баштады. Чек ара маселесин эл жабыркабай тургандай кылып чечүүнүн жолу барбы?

--Чек ара маселеси барган сайын ырбап, татаалдашып баратат. Бул маселени ыкчам чечүү үчүн ОДКБга кайрылышыбыз керек. Алардын мүмкүнчүлүгүнө таянбасак чек ара  биздин күч менен чечилчүдөй эмес. Анткени, акыркы мезгилде чек ара тармагын тейлеген кадрларды туура эмес тандап жатабыз. Тагыраагы, чек ара маселесин анча түшүнө бербеген вице-премьерлерди дайындап, ийгиликке жете албай жатабыз. Айтайын дегеним, чынында мындай кызматка ар кимди эле дайындай бербей чек ара кызматы боюнча, же топография боюнча аскердик окуу жайларды бүтүргөн, аны тактоонун  жолун билген, чечкенге көзү жеткен  адамдарды  ишке тартыш керек. 

--Акрам Мадумаров бул ишти эптей алат деп үмүт артсак болобу?

--Негизи Акрам Мадумаров бул маселени чече албайт. Анткени, кесиби мал доктур. Экинчи кесиби юрист болсо дагы чек ара маселесин жеткиликтүү билбейт. Ошон үчүн элдин купулуна толбой, сынга кабылып жатат. Эл анын тажрыйбасынын жоктугун, элдин тилин таба албаганын айтып, чек ара маселесинде мококтук кылат деп  ишеним арта албай жатышат.

Чынында бир эле Акрам Мадумаров эмес, жалпы жонунан кадр маселеси өзү аксап жатат. Чарба тармактарга жалаң эле агроном, ветеринар, зоотехник жана мугалимдер тажрыйбасынын бары-жогу эске алынбай тартылышына жогорку кызматтагылар кантип жол берип жатканы таңгалдырат.

--Чек арага чектеш аймакта жашагандар контрабандалык жол менен күйүүчү майлар, ундар өтүп жатканын айтышууда. Жок дегенде ушундай абалда контрабанданы кан буугандай токтотуп койсо болобу?

--Негизи токтотуп койсо жакшы болмок. Бирок, контрабанда менен күрөшө турган тармакка жана чек арага татыктуу кадр келбегенинен ушундай жагдай орун алып жатат да. Алардын да кызыкчылыгы бар же контрабандистер менен табакташ болушуп, контрабандистерди тыя албай жатышкансыйт.

--Неге тонналап күйүүчү май жана башка нерселерди контрабандалык жол менен ташыгандардын аты аталып уяткарылбайт?

--Мүмкүн алар тууралуу факты жок болуп жаткандыр. Чара көрүш үчүн президентке факты керектир. 

--Чек араны жапсак эле тажиктер оройлугун таштайт, орунсуз асылбай ордун билип калат дегендер бар. Тажиктерди өзүнө келтириш үчүн чек араны жабыш керекпи?

--Маселе Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасын жаап койсок эле чечилип, алар оройлонбой калбайт. Биринчиден, эгемендиктин саясатын жүргүзүүдө бийлик калпыстыкка жол бербеши керек. Экинчиден, мамлекетти толук эгемендүү кылуу үчүн чектешкен жерлерди жаап, чек араны бекемдешибиз керек.  Ошондой болгондо гана элибизде тынчтык, мамлекетибиз коопсуз болот. 

Булак: NazarNews.org

Последние новости