www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузак РИИБинин УКЖда  кыйноолор болду деген маалымат чындыкка дал келбейт бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен NazarNewsка билдиришти.
"2020-жылдын 11-май күнү саат 07-00 чамасында, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайында кармалып отургандарга эрте мененки сейилдөө  жүргүзүлгөн. Ошол сейилдөө өткөрүү убагында, №2 камераны ачып анда отургандарды сейилдөөгө чыгарган учурда, камерада кармалып отурган айыпкер 1990-жылы туулган И.Э.  УКЖнын ички тартибинин эрежелерине баш ийбей, аны одоно түрдө бузуп сейилдөө өткөрүп жаткан милиция кызматкерлерине баш бербестен, өзү каалагандай ар камеранын эшигине басып барып ал камерада отургандар менен сүйлөшүп жатканда, ага “сыртка чыгып, сейилдөөнү өткөр” - деген милиция кызматкерине формасын жулунуп акаарат кылып, анын  кадыр-баркына шек келтирип, кол көтөргөнгө аракет жасап, аны жакалаган учурда, сейилдөө өткөрүп жатышкан РИИБдин башка тергөө-ыкчам тобундагы милиция кызматкерлери ажыратып калган.

Ошол учурда айыпкер И.Э. оң бутунун таманын тергөө камерасындагы отургучтун бурчуна тилип алган. Ага карата алгач биринчи жардам көрсөтүлүп, андан кийин Тез жардам дарыгерлери чакырылып медициналык жардам көрсөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта. 
Аталган факты боюнча, топтолгон материал Сузак РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 355-беренеси 1-бөлүмү (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, текшерүү иштери башталган. 

Ошондой эле КРнын ИИМдин ИККнын Жалал-Абад областы боюнча бөлүмү тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө.  
Бул факты боюнча Сузак РИИБдин УКЖде кармалып отургандарга эрте мененки сейилдөө өткөрүү үчүн кирген тергөө-ыкчам тобунун курамынан түшүнүк каттар алынып, топтолгон материалдар Сузак райондук прокуратурасына юридикалык баа берүү үчүн жиберилгени маалым болду. 

Булак: NazarNews.org

Последние новости