www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Алма сабагынан алыс түшпөйт» учурда дүйнө жүзүн коронавирус каптап турса, АШАнын жан сакчысы Канат Сагынбаевде таажывирустун белгилери бар окшойт деп чыкты. Анысын бир айтып бир койбой, эки айтып эки койбой билдирүү таратты.
Ага утурлай Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) болсо Сагынбаевде коронавирустун жокутугун айтып, жогоруда айтылган маалыматты четке какты.
Ошол эле маалда КСДПнын катчылыгы Сапар Исаков дагы коронавирус жугузуп алышы мүмкүндүгүн, ал гана эмес камакта жаткан КСДПнын бир топ саясатчылары ооруну жугузуп алуу коркунучунда тургандыгын билдирип чыгышты. Өтө күлкүмүштүү.
Мындай билдирүүлөрү менен АШАнын тарапташтары коронавирусту обу жок эле саясатка айландырып жиберишти. Алгач АШАнын өзү, анан жан сакчысы, Сапар, анан калгандары болуп баары “оптом” коронавирус жуктуруп баратканын атайын эле бир пландын негизиндеги догурунуу экенин жаап-жашырып койсо болмок экен.
КСДПнын айтымында, Канат ден соолугуна даттанып абак жетекчилерине кайрылса, карабай жаткан имиш. Албетте, Сагынбаев сасык тумоолосо деле ден соолугу үчүн айтышы керек. Бирок коронавирус калчылдатып, бийлик баш болуп, эл төш болуп жайылып кетпесе экен деп жатканда, ЖАМКка же анын жетекчиси Мелис Турганбаевге ушул ашыкча баш оору кереги бар дейсиңерби?
ЖАМК эле эмес, бардык мекемелер колдон келишинче сактанып, вирусту жолотпоого абдан кызыкдар. Болбосо, башына толтура балээ үйүлөөрүн жакшы билет. Андыктан, ЖАМКтын ар бир айыпталуучуну абактарга алып киргенде жана алып чыкканда тыкыр текшерип жатат деген билдирүүсү чындыкка коошот. Алардын айыпталуучуларды конвойлор ар дайым дене табын текшерип турат.
Ал эми КСДПчылардын (АШАнын тарапташтары) коронавирус жуктуруп алды же жалаң АШАчыларга жукканы жатат деген негиз менен бир чети абак-түрмөлөгө дүрбөлөң салуу, бир чети мындай шылтоо менен жакшы карабай жатат деп доомат коюу, бир чети вирус жукту деп, изоляцияга алынып, башка аракеттерди көрүү максаттары айдан ачык көрүнүп турат.
Чагымчылдык уюштурууга жол чаап жатканы белгилүү болуп калды. АШАчылардын эмне айла кылаарын билбей, коронавирусту пайдаланып, чагымчылдык менен манипуляция кылуу сценарийи ачыкка чыгып калды.
Жалпы элдин башына келген апааттан пайдалануу айла-амалы эптеп жоопкерчиликтен кутулуу же сот иштерин болушунча создуктуруу болуп жатканы айтпаса да түшүнүктүү. КСДПчыларын талаптарын эле байкабайсызбы, дароо эле үй камагына алгыла дегенин, башка камактагылардан кандай айырмасы бар, андай болсо?
Же АШАга, жан сакчысына, Сапарга, Фаридке - баарына тегиз коронавирус жугуптурбу? Анда аларды бир самолетко салып алып таажывирус кеңири жайылып жаткан Бангладешке алып барып келишкен го анда…
Булак: NazarNews.org