www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлигине болгон ишеним 4,7 пайызга өстү. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

"Өкмөттүн ишинин ачык жүрүшүндө бир канча мамлекеттик органдарга болгон ишеним жогорулады. Ички иштер министрлигине болгон ишеним 4,7 пайызга өстү. Аталган министрликке буга чейин жарандар көп нааразы болуп келген. Бүгүнкү күнү бул орган ишин, стилин өзгөртүп, коомчулук үчүн ачык боло баштады. "Коопсуз шаар" долбоору ишке кирип, санариптешилген команда түзүлүп, бирдиктүү реестр, Туризм патрулдук милициясы түзүлгөнү себеп болууда. Ошондой эле 2019-жылы милиция кызматкерлеринин айлыгы 20 пайыздан 40 пайызга чейин көтөрүлүшү да себеп болду", - дейт өкмөт башчы.

Булак: NazarNews.org

Последние новости