www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Токтогул агай, элди торуган илдет күч алып, өткөндө 58 күнүгө 42 ден кем эмес адам каза болуп жатат. Биз илдет менен күрөшүүнүн жолун таппай жатабызбы же ишти туура эмес алып барып жатабызбы?

-Илдеттен коргоо, коргонуу чараларынын натыйжасы канааттандырарлык болбой жатканы үчүн ушундай абалга кептелип жатабыз. Ичибизди ачыштырып, элди торуган илдет белгилүү коомдук ишмерлерди, ак халатчандарды жана карапайым адамдарды алып кетип жатат. Мындай эпидемия, пандемия менен Совет доорунда ийгиликтүү күрөшчү. Андагы тажрыйбалар Граждандык коргоо штабдарында жана аларды окутуучу мектептердин курстарында сакталган. Азыркы учурда Граждандык коргонуу мекемеси Өзгөчө кырдаалдар министрлиги деп аталып калган. Демек, КРнын Граждандык коргонуу мыйзамынын талабына ылайык илдет менен күрөшүүнү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги колго алышы керек болчу. Тилекке каршы, бизде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги андай иш менен эмес, жалаң эле көндүм болуп калган сел, бороон, табигый кырсыктар, климаттык коркунучтардан бөлөк маселе менен иши болбой калды. Тагыраагы, мамлекеттик көз караштар МЧСтин саясатында орун алган эмес. Негизи аскердик илимдердин негизинде илдетти алдын алышса болмок. Бизде кадр саясатынын таш-талканы чыкканы үчүн ошол кездеги Саламаттыкты сактоо  министри илдет менен күрөшүүгө даярдык көргөндүн ордуна "коронавирусту Кыргызстанга киргизбейм. Керт башым менен жооп берем" деп, министрге ылайык келбеген сөздөрдү сүйлөдү. Саламаттыкты сактоо министринин сөзүнө ишенип, эки жарым, үч ай текке кетти. Бүгүн ошол ишин жөндөй албаган министрдин кесепетинен, элдер жабыркап, каза болуп жатышат. Акылы болсо, ойго түшкө кирбеген сөздү айтып, жогору жактагыларды ынандыргандын ордуна коронавирус кытайдан башталганда эле эртеби-кечпи бизге да келет деп тийиштүү даярдыктарды көрүшү керек болчу. Тилекке каршы, бизде баары теңирден тескери болду. 

Керек болсо медициналык каражаттар тууралуу маалыматтар, илдеттен сактоочу тамак аштар жана радио теле аркылуу элди даярдай турган программалар даярдалган жок. Мына ушул эки жарым үч ай убакытты жөн эле уттурганыбыздын кесепетин азыр тартып жатабыз. Коронавирус министрден сурабай эле кичи хаджга баргандар менен келип алды. Андан кийин мигранттар, жүргүнчүлөр аркылуу да келди. Ошондой эле эл көп чогулган той-топурдан, өлүм-житимден, спорт залдардан, театр, ресторан, кафелерден тез эле жайылып кетти. Бул вирус жетиштүү даярдыктын жоктугунан жана тажрыйбанын аздыгынан тез эле тарап кетти. Негизи мындай учурда Штаб, өкмөт баш-аламан иштебей аналитикалык маалыматтын негизинде иш кылышы керек эле. Мисалы, эң биринчи жол байланышы, региондордун байланышы эске алынышы керек болчу. Ошондой эле илдет кандай жол менен  тарайт, кайсыл көчөдө, кайсыл айылда, кайсы шаарда көрсөткүчтөр көп деген маалымат саат сайын белгиленип, ошонун негизинде мекемелерде дарылоо жана дарылоо ыкмалары, илдетке каршы колдонуучу дары-дармектер, жабыркагандарды ташуунун баары алгоритмдин негизинде ишке ашышы керек эле. Тилекке каршы, бизде андай бирдиктүү иш болгон жок. Чала-чапкыт иш жүргөн үчүн илдет жайылып, азабын тартып отурабыз.

-Кайсыл  жеринен орчундуу катачылыкка жол бердик?

-Негизи илдетти токтотуу үчүн өзгөчө абал жарыяланганда Премьер-министр Республикалык Граждандык коргонуу штабынын башчысы болушу керек эле. Эмнедир анын ордуна биринчи вице-премьер министр дайындалды. Анын дайындалышы такыр мыйзамга туура келбейт. Ошондуктан ар кандай маселени чечиш үчүн премьер менен акылдашыш керек деп отурушуп, убакытты уттуруп, илдетти күч алдырып алышты. Негизи мамлекетке өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал киргенде Өкмөт да өзгөчө абалда иштейт. Премьер-министр Республикалык Граждандык коргонуу штабынын башчысы болот. Өзгөчө кырдаалдар министри болсо Граждандык коргонуу штабдын негизги ишин жүргүзгөн органга айланат. Саламаттык сактоо министрлиги медициналык коргоого алган жана чара көргөн кызматты аткарат. ИИМ коопсуздук жана тартип сактоочу кызматты колго алат. Мындайча айтканда, жеңил желпи, оңой олтоң түз башкарууга өтүшү керек эле.  Бизде болсо  азыр да андай жолго өтүшө элек.

-Өзгөчө абалдын да талаптары толук аткарылбаса, бул темп менен илдетти жеңе алабызбы?

-Мындай абалдан чыгыш үчүн башкаруу жолун мыйзам чегине алып келиш керек. Ошондой эле  кадр маселесин кайра баштан карап, чыгаан, жоопкерчиликтүү аскердик кесиптин ажарын ачкан, эрежени сактаган, тартипти орното алган офицерлерди кызматка тартыш керек. Анткени, алар тартип, эреже менен ишти жеңилдетип, ошол эле мезгилде аскердик ыкма менен  пандемияны басышат. Илең-салаң болуп Коргоо Кеңеши эмне дейт, парламент эмне дейт деп отура берсек, мамлекетти чөктүрүп, кечирилгис катачылыктарга жол берип алабыз. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости