www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Чет мамлекеттин атайын кызматтары Кыргызстанга каршы чалгындоо иш-аракеттерин жүргүзүп жатканын Камчыбек Ташиев айтты. Мындай ишке кайсы мамлекеттер жана эмне үчүн кызыкдар болушу мүмкүн?

- Ташиев чалгындоо кызматтагы билерман болсо, далил менен айтыш керек. Ким дос, ким кас экенин эл билиш үчүн. Бирок, Кыргызстан дарамети жок өлкөгө айланганы белгилүү болду. Буга үч төңкөрүш, Сооронбайга “Шариман” деген каймана ат коюу, аны парадга жолотпой жолго салгандар биздин мамлекетте кимдин ким экенин билдирип жатат. Чалгындоо иши ар бир өлкөдө бар.

Биздин мамлекетти азыр “байгеге түшкөн өлкө” катарында айтсак болот. Мына ошол “байгеге” жетүү үчүн саясый партиялар жутунушуп, алардын жактоочулары, чет мамлекеттеги “демократ аталары” пул беришип, бийликке түртүп жатышат. Динчилдер, кылмышка аралашкандар да аралашып калышты... Эми биздин жагдайды АКШ, ЕБ, КЭР, Түркия жана кошуналар көз ирмебей байкап турушат.

- “Шайлоодон кийин өлкөдө абал туруксуздашып кетиши мүмкүн” дешүүдө. Адатта андай абал болсо, аны жөнгө салуунун туура жолдору кандай жүрөт?

- Шайлоодон кийин утулгандар чыр-чатак чыгарышат. Соттошот, элге кайрылышат. Бирок, президенттикке талапкер Садыр Жапаров айтпадыбы, “эгер шайлоо туура жүрбөсө, анда төртүнчү революция болот” деп. Демек, жаңжал командасы даяр.

- Чек арадагы жана улуттар аралык коопсуздукка коркунуч туудурган жагдайлар жокпу? 

- Эки жолу кырылыш уюштургандар кантип эле мындай жолдон баш тартышсын? Бир кемчилик – ошол уюштургандардын баарын таап, 20-30 жылга камаш керек эле. Алар дагы эле бийликти алууга даяр турушат.

- Атамбаев менен Жээнбековдун тиреши тууралуу да оюңузду айтып өтсөңүз?

- Жээнбеков 24 жыл бою Атамбаев менен дос болуп, бирге партия жолун (КСДП) жолдогон. Анткени, Жээнбеков Ошто губернатор болуп өзүн көрсөтө алган. Биздин мамлекетте Кокон хандыгынан бери тирешмей илдет болуп калган.

Мына ошонун айынан сакалдуулар, көкүлдүүлөр “легендарлуу парламентте” тирешүүнү жоюш үчүн “түштүк-түндүк кезек менен президенттик такка отурсун” дешкен. Атамбаев алдын ала эле кетээрин элге айтып, бийликти тынч өткөрүп берди. Келишим жол боюнча бийликке түштүктүн кулуну келмек болчу. Алардын арасында ишенимге татыган Жээнбеков эле.

Мына ушул келишимдин аркасынан Жээнбеков президент болгон. Ал эми Бабанов ушундай келишимдин айынан четтеп калган. Мен КСДПнын съездинде Жээнбековду президенттикке колдоосун жарыялаганда катышкам.

Ошондо Атамбаев “иниңди бир өлкөгө элчи кылып же бөлөк кызматка жылдыр” деген. Анткени агасы президент, иниси төрага болсо катуу сынга калары эскертилген. Анан мындай сунуш аларга жакпай калган...

Булак: “Азия News” гезити

Последние новости