www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Малды тышкы өлкөгө сатууга уруксат берилди

Буга чейин тирүү малды жана айыл чарба өндүрүмүн чет өлкөгө экспорттоо боюнча киргизилген чектөө бир жумага алынып салынды. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

19-ноябрдагы Өкмөттүн токтомуна ылайык, малды жана айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн экспорттоого тыюу салынган. Ал эми Өкмөттүн 2020-жылдын 30-декабрындагы №638 токтомуна, ылайык мурда кабыл алынган документке өзгөртүүлөр киргизилди. Анда өлкөдөн чыгарууга тыюу салынган өндүрүмдөрдү 2021-жылдын 8-январына чейин экспорттоого жол ачылганы маалымдалат.

--«2020-жылдын 19-ноябрында кабыл алынган токтомдун жардамы менен эт, май, жумуртка сыяктуу биринчи кезекте керектелүүчү азыктардын баасын төмөндөтө алдык. Тыюу салуу боюнча бир нече жолугушууларды өткөрдүк. Мурда алынган маалыматтарды дагы бир жолу тактадык. Ишкерлер чет өлкөлүктөр менен мурдатан түзүлгөн келишимдеринин аткарылбай калганын айтышты. Ошондуктан биз аларга бир жумалык коридор ачып бердик. Ал эми жүгөрү экспорттоого тыюу салынган товарлардын тизмесинен чыгарылды. Себеби анын көлөмү расмий маалыматтарга караганда 100 эсеге көп экен. Бул нерсени ассоциациянын өкүлдөрү тыюу киргизилгенден кийин билдиришти. Эми алар маалыматтарды жашырбай, ачык көрсөтүү керектигин түшүнүп калышты», — деп билдирген министр Тилек Токтогазиев.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости