www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 18-апрелинде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ыкчам тобу жана Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Токтогул суу сактагычы аймагында күтүүсүз рейд жүргүзүштү.

Рейд учурунда айрым жарандар балык уулоочу торлорду сууга коюп жаткан учурда кармалды. Мыйзам бузуу фактылары жеринде катталып, тиешелүү чаралар көрүлдү. Жыйынтыгында 7 жаранга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 267-беренесинин негизинде ар бирине 5 500 сомдон, жалпысы 38 500 сом айып салынды.

Текшерүү маалында мыйзамсыз кармалган балыктар да аныкталды:
* А.Э. аттуу жарандан 3 даана сиг-лудога жана 7 даана севан форели;
* К.У. аттуу жарандан 8 даана севан форели жана 4 даана карась балыгы.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №224 токтомуна ылайык, жаратылышка келтирилген зыян үчүн 34 542 сом өлчөмүндө доо коюлду. Мындан тышкары, рейд учурунда сууга жайылган болжол менен 560 метрге жакын тор жыйналып алынып, кошумча 100 метрге жакын жаңы синтетикалык торлор табылып, тазаланды. Мындай иш-чаралардын негизги максаты — браконьерликти токтотуу, суу биоресурстарын сактоо жана жарандарды жаратылышты мыйзам чегинде пайдаланууга чакыруу. Рейддер туруктуу негизде улантылат.

 

Последние новости