www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Токтогул районунда айыл чарбасын өнүктүрүү жана дыйкандарды колдоо багытында маанилүү иштер жүргүзүлүүдө. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин демилгеси менен райондо интенсивдүү бак өстүрүү долбоору ишке ашырылууда.
Долбоордун алкагында 30 гектар кайрак айдоо жерге райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан тамчылатып сугаруу системалары орнотулуп, көлөмү 15 000 куб метрди түзгөн суу бассейни курулууда. Мындан тышкары, берилген аянттын айланасы толугу менен тосулуп, коргоо иштери жүргүзүлүүдө.
Аталган жер тилкеси райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы аркылуу 5 жылдык мөөнөткө ижарага берилген. Бул дыйкандарга узак мөөнөттүү пландоону жүргүзүүгө жана бак өстүрүүнү туруктуу негизде өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Март айынан тартып аянтта көчөт отургузуу иштери башталат. Интенсивдүү бак өстүрүү ыкмасы жана тамчылатып сугаруу технологиясы сууну үнөмдүү пайдаланууга шарт түзүп, айрыкча суу тартыштыгы байкалган учурда дыйкандар үчүн натыйжалуу жана ыңгайлуу чечим болуп саналат.
Министрлик тарабынан киргизилип жаткан заманбап технологиялар түшүмдүүлүктү жогорулатууга, суунун ысырабын кыскартууга жана айыл чарба өндүрүшүнүн туруктуулугун камсыздоого багытталган. Бул долбоор келечекте Токтогул районунда бакчылыкты өнүктүрүүгө жана дыйкандардын кирешесин арттырууга олуттуу салым кошмокчу.