www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токторбаев менен Токторалыевичтин тиреши күчөдү

Эгерде Башкы прокурор дагы ушундай маселелерди коргоп, чара көрбөсө анда айта турган башка сөздөрүм бар! Мындай пикирин депутат Жеңишбек Токторбаев Фейсбук баракчасына жазды.

Эскерте кетсек, кечээ 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазов Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүнө суракка чакыртылган. Ага чейин аталган депутаттар Жогорку Кеңештин жыйынында прокуратурадагы коррупция боюнча маселени кароону сунушташкан.

Сурактан чыккан Жеңиш Токторбаев социалдык тармактагы баракчасына:

"Мени мындай жолдор менен коркутуп токтото албайсыңар. Мен сенден эмес Жараткандан жана эл алдында берген антымдан гана корком! Кимдин-ким экенин, кайсыл жактан, кантип дем алганын өтө жакшы билем. Мындай иш аракеттердин арты жакшылыкка жеткирбесин эскертем.

Өткөн күндөргө сарасеп салып, бүгүн ким экениңди унутпоо үчүн Шералынын чокоюн төрүңө илип кой. Бул бүгүн башкы прокурор болсоң эртең адвокат болуп калбашыңа жардам берет". - деген өңүттө пост жазып, бирок бир нече убакыттан соң өчүрүп салган.

Ал эми, бүгүн, 1-декабрда депутат Токторбаев бийликтин өкүлдөрүнө кайрылуу жасаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости