www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Света Тойгонбаева төлгөчү, айтымчы: “Чыр карталарынын түшкөнү жакшы эмес”
--Света айым, азыр коомчулукта “2-март күнү чоң митинг болот экен” деген маалыматтар болуп жатат. 2-март күнү тынч эле болобу? Сиздин төлгөңүздү көп адамдар күтүп жатат.
--Март, апрель Кыргызстан үчүн опурталдуу болуп турат. Жаратылыш кырсыктарын көрсөтүп, тартыштык картасы да түшүүдө. 2-март күнү эл чыгат. Бул жерде нааразы болгон топтордо негедир башка-башка адамдарды көрсөтүп, жаштар топтолуп жатат. 3-4 депутаттын, өзгөчө бир жаш депутаттын аралашып жатканы көрүнүп турат. Тигил же бул деген сүйлөшүү, тандоо карталары жөн түшкөн жок. Эл менен сүйлөшүш керек! 2020-жылдын ичи чыр карталардын түшкөнү жакшы эмес. Окуялардын уландысын көрүп жатам. Өзгөчө бийликке сактык керек. Эки күчтүү, таасирдүү саясатчы катуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Шайлоодо бул сапар акча менен утуп алам дегенге Кудайым эч жол бербейт. Негизи оюн 3 деген гана сандын ортосунда болот. Дагы айтам эл менен сүйлөшүш керек!
--Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетет деген шыбыштар башталды. Өкмөт башчынын тагдыры кандай болот?
-- Ишин көрсөтөм деп болгон аракетин баштап, эми кыбырай баштады окшойт. Топторго акча берип жаткан карта көрүндү. Креслосу бош болуп турат. Ордун жашыраак адам басканын көрсөттү. Алдыда эл менен иштеше турган иш турат.
--Коомчулукта Өмүрбек Текебаев менен Адахан Мадумаров биригет деген сөздөр жүрүп жатат. Ушул эки саясатчыга төлгө салсаңыз?
--Өмүрбек Текебаев оболу ден соолугун каратышы керек! Өтө нервтенип, кыжаалат болуп, чырмалып да турат. Этият болсун!
Адахан Мадумаровдун чөйчөктөрү бош эле көрүнүп жатат. Бут тоскондор өтө көп. Элдин кайчылаштарынын назары түшүп турат. Экөөнүн кол кармашып кеткен жолу түшкөн жок.
--Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы начар деп айтып жатышат. Атамбаевге эмне аяндар болуп жатат?
--Ооруканага чыгат окшойт. Ак халатчандарды көрдүм.
--Алмамбет Шымкаматовго кандай карта түштү?
--Таасирдүү топтордун ордосунан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бир партиянын башынан көрүндү. Бир-эки нерсеге кол коюп келишкен, аян түштү. Бул саясатчынын да айланасына көп топтолуп, өзгөрүүлөр болот. Аурасын тазалатышы керек!
--Бакыт Төрөбаевде кандай шанс бар?
--Аракети күч. Картадан партияны көрбөй жатам.
--Алтынбек Сулайманов боюнча эмне демекчисиз?
--Азуу көрсөткөн душмандардын ортосунда турат. Тирешүү көрүндү. Айланасына сак, этият болсун!
Маектешкен Аруужан Бөлөкбаева
Булак: NazarNews.kg