www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жөнөкөй адам чыгып сөгүнсө туура эмес, анан эл тааныгандар чыгып алжып олтурушса анда маданиятыбыз каяка кетет?! Мындай пикирин жарандык активист Толкунбай Чили Сай өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Жарандык көзөмөл комитети деген силер кимсиңер? Силерди ким шайлады? Эмне кәромат көрсөтөсүңөр өзү? Нуржигит Кадырбековду иштен алгыла деп чыгыпсыңар, эми ким кандай иштешин силер көзөмөлдөп калдыңарбы, же Курал Чокоев, Кайрат Кыргыз, Кайрат Примбердиевтин адвокатысыңарбы? Өткөнкү парламенттик шайлоо көрсөттү, кимдин ким экенин.

Жаңы, эч ким тааныбаган «Ыйман Нуру» деген партия чыгып, ушу бир Нуржигит Кадырбеков тыйын сарптабай, канча үлкөн партиядан көп добуш алып койду. АКШдан, Япониядан билим алып келген, накта маданиятту ушу жигит. Накта өз жумушун билген.

Же силерге ошо маданият кызматкерлери жактыбы, сөгүнүп-сагынып ютубда жүргөн? Өтө туура чечим кабыл алган Кадырбеков. Жөнөкөй адам чыгып сөгүнсө туура эмес, анан эл тааныгандар чыгып алжып олтурушса анда маданиятыбыз каяка кетет?!

Тарткыла колуңарды Кадырбековтон?!», - деген ал.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости