www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик кызматына талапкер Садыр Жапаровдун шайлоо штабынын басма сөз кызматынан маалым болду.

«Өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөргөнүбүзгө кубанычтамын. Акыркы жылдарда өнүгүп келе жаткан Венгрия менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык мамилелерибиз мындан ары да өз ара урматтоонун негизинде улана берерине үмүт артамын. Венгрия Өкмөтү мындан ары да өз ара кызматташууну тереңдетүүгө жана Түрк Кеңешиндеги иштерди биргелешип ийгиликтүү жүзөгө ашырууга багытталган иш-аракеттерди улантарына Сизди ишендирем. Жооптуу ишиңизге ийгиликтерди жана бекем ден-соолук каалайм”, - деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости