Шектүү байлыктын айынан Туманбаевге кылмыш иштери козголобу?
Саясат  |   |  1968

Бул эргул Икрам Илмияновдун шопуру болуп жүрүп, эбегейсиз байыганы, бирок шектүү саналып, коомчулукта эчен талкуу жараткан. Иралды Каныбек Туманбаев каяктан жүрүп көпөскө айланганын ачыктаган эмес. Шефи Икрам алдамчылыкка айыпталып, түрмөгө кесилип кеткенден кийин жаңы кожоюндарга өтүп, «Биримдик» партиясын каржылоо менен алдыңкы тизмеге илинип, өткөн парламенттик шайлоого аттанган.

Тилеги таш капты! Октябрь төңкөрүшүнө күбө болдук. Эми болсо Туманбаев туурадан чыгып, жаңы бийликти сагалап, кызмат кылууга даяр болуп калдыбы? Эрксизден жылмаясың. Жаш туруп ушунча жойкума, ойт бермеликти каяктан үйрөнгөн? Же бийлик менен ымала кылбаса, эски айыптары ачылып, катар-катар кылмыш иштери козголуп кетеби?

 Айтор, алдыда дагы суроолор арбын...

Булак: «Азия News» гезити

Поделитесь с друзьями