www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укук коргоочу Качкын Булатовдун жергиликтүү ЖМКлардын бири менен болгон маегинен.

- Экс-президент Роза Отунбаева неге таза өттү, административдик ресурс колдонулган жок деген шайлоону кырсыкка теңеп жатат?

- Негизи мамлекет камкордукка алып, тамак-ашынан чач жасалгасына чейин кам көрүп жаткандан кийин, Отунбаева андай орунсуз сөздөрдөн алыс болсо болмок. Ар кайсыны айтып, элдин тынчтыгын бузгандан көрө, "иштеп жүргөндө берген убадаларымды канчалык аткара алдым"- деп өзүнө суроо салса, коомдо карама-каршылык жараткан кептерден алыс болмок. Анын берген убадаларынын көбү ишке ашкан эмес. Аны эсинен чыгарып, 90 миң пенсия берип жатса да, жөн жүрбөй элди дүрбөтүп, таза шайлоону кырсыкка теңеп, орунсуз сөздөрү менен өз аброюн кетирип алды. Мен билгени Отунбаеванын бул сөзүн туура көрүп колдогондордон да, аны ырыскысын көтөрө албаган аял экен деп жактырбагандар көп болду. Экс-президент деген макамдын кадырын кетирбей, айтса калыс пикирин айтып, болбосо жөн эле отурса эл үчүн да, өзү үчүн да пайдалуу болот эле - дейт Качкын Булатов.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости