www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мелис Мырзакматов премьер-министрлик кызматка дайындалат

10-январдагы президенттик шайлоодо көпчүлүктүн добушуна ээ болгон Садыр Жапаров премьерликти тапшырат дегенди уккандан кийин эл арасында эми Өкмөт башчы ким болот деп, бир топ аттуу-баштуулардын аты аталып, талкуу жүрүп жатат.

Бүгүн, социалдык тармактарда Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов премьер-министр болот деген аңыз кептер тарады. Көпчүлүк Мырзакматовду күчтүү лидер катары сыпаттаса, кээ бирлери аны бул кызматка алып келүүнүн кажети жоктугун айтып жатышат.

Айтор, мунун чын-төгүнүн жакынкы убактарда биле алабыз деп ишенебиз.

Эске салсак, Мелис Мырзакматов буга чейин бир топ жогорку кызматтардан сунуш түшкөнүн айткан. Бирок, ал өлкөнү өнүктүрүү үчүн премьер-министрлик кызматка гана бараарын билдирген.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости