www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрликтердеги кызматкерлердин санын кыскартуу керекби?

Айрым министрликтерде кызматкерлердин санын кыскартуу зарыл. Анткени бюджеттин 57 %ы айлык акыга сарпталат. Бул да болсо, коррупциянын кесепети. Мындай пикирин Бабыржан Төлбаев айрым маалымат булактарына билдирди.

Анын айтымында, экономикалык кризистен чыгуу үчүн мамлекеттик аппаратты 30 %га кыскартуу зарыл. Мындай кадамдын артында жыл сайын 600 млн доллар үнөмдөлөт да, береке келет.

--«Жакшы иштебеген адистерди ызматтан кетирүү зарыл. Мамлекеттик мекемеде иштегендер пайда алып келиши керек. Биз тескерисинче, зыян келтиргендерге да акча, салык төлөп жатабыз. Бизге көпчүлүк инвесторлор ишенбейт. Анткени алган каражаттар максаттуу пайдаланылган жок. Иш билги менеджерлер келсе, ишеним жогорулайт. Мындан сырткары сот системасын оңдоо керек. Жаңы бийлик иш билги команда түзүшү кажет. Болбосо коомчулук ишенбей калат», — дейт Төлбаев.

Ал бизнесмендерге Кыргызстанда ишкердик жүргүзүүгө толук шарт түзүлбөгөнүн айтып, ашыкча текшерүүнүн кажети жок экенин кошумчалады.

«Жаңы бийлик ишкерлер менен ай сайын сүйлөшүп, аларды түйшөлткөн маселелерди чечүүсү зарыл. Ошол эле учурда салык саясатын жеңилдетүү маанилүү. Сот системасын реформалап, эл аралык уюмдар менен сүйлөшүп, инвестиция тартышы кажет. Бийлик бутактарынын ортосунда тең салмакты камсыздашы абзел», — дейт талапкер.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости