www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укук коргоочу Качкын Булатовдун жергиликтүү ЖМКлардын бири менен болгон маегинен.

"Эгер Садыр Жапаров коррупция менен күрөшүп, экономиканы көтөрүп, мамлекетти өнүктүрсө, анда бул оппозициянын Садырдын шайын оодарганга күчү жетпейт. Анткени, Садыр Жапаров мурунку президенттердин катачылыгын кайталабайт. Акчага азгырылбайт деп ойлойм. Садыр Жапаровдун эң биринчи милдети Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков, Асылбек Жээнбековго окшогон байларга экономикалык кылмыш ачып, кустурушу керек. Кытайдын карызынан мына ушулар кутултат. Ошон үчүн Атамбаевди түрмөдө бакылдатпай экономикалык кылмыштарын тезирээк  иликтеп, ал жакта провокация кылдыртпай, элдин эсебинен жеп- ичкендерин кустуруунун аракетин көрүшүбүз керек",- дейт Булатов өз сөзүндө.

- Бирок жаңы шайланган президентибиз Садыр Жапаров эл менен жолугушууда “баарын кечирдим” деди эле го? - деген суроого: 

"Ал атуулдук жүрөгү менен айтылган сөз болсо керек. Мүмкүн алардын ак жеринен камаганын, ченебей азапка салганын кечирдим, кектебейм деп жаткандыр. Негизи Садыр Жапаров кечирдим десе эле алардын кылмыштары көз жаздымда калбашы керек. Тагыраагы, алар мыйзам алдында жооп бериши шарт. Анткени, алардын экономикалык кылмыштарын мыйзам кечирбейт",- деп жооп кайтарган укук коргоочу.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости