www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жылы Кыргызстанда 5 миң тонна балык өстүрүлүп, 1 млрд сомдон ашык  киреше алынды

Бүгүн, 13-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарын коргоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоорун экинчи окуудан карашты. Долбоордун демилгечилери - депутаттар Бакиров М.И., Жээнбеков А.Ш., Узакбаев А.О., Эргешов А.М.

 Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана  регионалдык өнүктүрүү боюнча  комитеттин төрагасынын орун басары  Рада Туманбаева  бул мыйзам долбоору  балык чарбасын өнүктүрүүгө, балык запастарын  сактоого жана көбөйтүүгө, ошондой эле  калктын балык азыктарына болгон  керектөөсүн  камсыздоого багытталгандыгын белгиледи.

Талкуунун жүрүшүндө  депутат Самат Ибраев  балык өстүрүүнүн  көлөмү,  тармактын кирешелүүлүгү,  ошондой эле  бул товардык продукцияны импорттоо боюнча маселелерге кызыкты.

Балык чарбасы департаментинин директору  Эдиль Ниязовдун маалыматы боюнча, өткөн жылы  Кыргызстанда  5 миң тонна  балык өстүрүлүп, 1 млрд.сом киреше алынган. ”Ошондой эле өлкөбүздүн аймагына  4-5 миң тонна  консерваланган жана океан балыгы алынып келинди”, - деди Э.Ниязов.

Ал акыркы жылдары республикабызда, айрыкча  Чүй, Ысык-Көл облустарында  балык чарбалары активдүү көбөйүп жатканын белгиледи. ”Чүй облусунда  71, Ысык-Көл облусунда  18  балык  чарбалары иштеп жатат”, - деди  Э.Ниязов.

Талкуудан соң  мыйзам долбоору  экинчи окуудан добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости