www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Издөөдө жүргөн Насирбек Алмаматов Кыргызстанга келди

12,5 жылга кесилип, бирок абактан чыгып, коомчулукта резонанс болгон соң кайра камоо тууралуу өкүм чыкканда сыртка качып кеткен Насирбек Алмаматов Кыргызстанга келди. Ага экономикалык амнистия колдонулуп, ээн-жайкын үйүндө жүрөт. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Учурда канча акча төккөнү, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча кылмыш иш козголгону, кимдерге көрсөтмө бергени тууралуу маалымат жок.

Жаңы бийлик чыгарган мыйзамга ылайык пара менен кармалгандар алган парасын ордуна койсо эркиндикке кое берилет.

Буга байланыштуу кээ бир саясатчылар, жарандык активисттер 2021-жылды коррупционерлер үчүн бейиш жыл деп атап келишет.

Белгилей кетсек, автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган.

Маалым болгондой, ал автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема түзгөн деп айыпталган. Бул боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети далил катары атайын видеотасманы да жарыялаган.

Натыйжада райондук сот Алмаматовду 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бирок, Бишкек шаардык соту ал өкүмдү жокко чыгарып, 3 миллион 300 миң айып пул салуу менен Алмаматовду эркиндикке коё берген.

Көп өтпөй Октябрь райондук прокуратурасы Алмаматовго карата Бишкек шаардык соттун чечиминин үстүнөн кассациялык арыз менен кайрылган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости