www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Былтыр Кыргызстанда Россиядан уурдалып келинген 18 автоунаа кармалды. Бул туурасында ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, беш кишиден турган улуттук аралык кылмыштуу топ кармалып, машиналарды Кыргызстан аркылуу Тажикстанга алып өтүүгө аракет кылганы аныкталган. 

Мындан сырткары, чет өлкөдөн уурдалып келип өлкө аймагында жасалма документ менен катталган 20 автокөлүк дагы табылганын билдирди. Алардын кээ бирине издөө жарыяланып, шектүүлөр аныкталган.

Бүгүн парламентте "КМШ өлкөлөрүнүн автоунаа уурдоого каршы күрөшүү жана аларды кайтарып берүүнү камсыз кылуу боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жатат.

Каниметов аталган мыйзам кабыл алынса уурдалган автоунааларды ыкчам аныктоого шарт түзүлөрүн белгиледи.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости