www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Мэр салмактуу саясатчылар келсе туура болмок", - деди бүгүн, 27-августта NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Тологон Келдибаев.
- Төлөгөн агай, Бишкек, Ош жана Токмокто мэр шайлоодо неге атаандаштар чыккан жок?
- Шаар мэрлерин шайлоодо, шаардык кеңешке жеңип келген партиялар сунуштаганга мүмкүнчүлүгү жогору болгонуна карабай партиялар мэрликке талапкер сунуштай алышкан жок. Анткени, ал партиялар Ак үйдүн буйругун аткарган саясий уюмдар, шаардык кеңештин шайлоосунда добуш сатып алуу, админ ресрус менен мыйзамдарды бузуп келишкен адамдар. Бийликке керек экен ушундай кошаматчы топторду, бийлик пайдаланып жатат.
- Мамбетов Оштун жүгүн тартып кете алабы?
- А.Мамбетов иштеп кете алат. Анткени, шаардын казынасында көп социалдык иштерди чечкенге жете турган мүмкүнчүлүгү бар. Ошол акча каражаттарды туура пайдаланып иштетсе. Буга чейинки мэрлер ал каражатты эстелик куруу жана башка максатсыз жана пайдасыз жактарга чыгымдап келишкен болчу.
- Мэрлер татыктуу шайланыштыбы?
- Мэрлер татыктуу деп айта албаймын, бирок биз 30-жылдан бери кадыр даярдаган жокпуз. Ар түрдүү жолдор менен бийликке жеткен топтордун айланасында жүргөн адамдар десек болот. Мындай чоң шаарларга тажрыйбалуу коомдук, саясий ишмерлер, салмактуу саясатчылар келсе туура болмок. Эл арасында урмат, кадыр-баркы жок адамдардын келиши, бийликке кадыр барк алып келбейт.
Булак: NazarNews.kg