www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги Төлөгөн Келдибаев менен тышкы күчтөр шайлоого кандай жолдор менен  кийлигишери тууралуу пикир алыштык.

-Төлөгөн мырза, бул шайлоого тышкы күчтөр кийлигиши мүмкүн деген божомолдор күчөп жатат. Аларды кийлигиштирбей эле, парламентке өзүбүз татыктууларын тандап алсак болбойбу?

-Октябрда боло турган Жогорку Кенештин шайлоосуна тышкы күчтөрдүн таасири болушу мүмкүн. Анткени, буга чейинки болгон шайлоолордо деле кээ бир саясий партиялардыа каржыланган деген ушактар айтылып келген. Сырткы күчтөрдү шайлоого жакындатпай койсок болот. Бирок, биздин саясатчылар шайлоо компаниясын каржылоо, уюштуруу, үгүт иштериндеги каржылык тартыштыкты чечиш үчүн, өздөрү сүйлөшүүгө барышы мүмкүн. Шайлоодо өзүбүз татыктууларын  кантип тандайбыз деген да маселе бар. Анткени, азыр ар бир айылдын, көчөнүн, шаардагы көп кабаттуу үйдөгү жашоочулар да “домдун” маселелерин чечип берсе шайлайбыз деген принципке өтүп алган. Себеби, кийин маселеңди чечип берейин деп эч ким келбейт, жергиликтүү бийлик болсо акча жок дейт. Ошондуктан, талапкерлер  келгенде маселелерибизди чечтирип алалы дешет.

-Мамлекеттибизге корнавирус менен күрөшүүгө, жакырчылыктын алдын алуу боюнча берилген каражаттын баары Кыргызстанды өздөрү калчагысы келген үчүн беришкенби?

-Өлкөгө быйылкы жылы кайтарымсыз жана пайызы менен кайтара турган грант, кридиттерди коранавирустун алдын алуу максатында келди. Толук кандуу болбосо да максатуу пайдалануу иштери жүргүзүлдү. Ал эл аралык уюмдардын максаты Кыргызстанды тымызын башкаруу же саясатка таасирлерин тийгизели дешпейт. Болгону өз миссияларын аткарышып, казынадагы тартыштыкты жоюу үчүн өз салымдарын кошушту.

-Айрымдар Кыргызстанга каражат бөлгөндөр парламенттик шайлоого өздөрүнө ыктаган партияны сүрөп, анан президенттик шайлоодо өздөрү каалаган талапкерге жан тартышы мүмкүн деген ойду айтып жатышат го?

-Сырткы күчтөр кимдер, чет мамлекеттеги миллиардерлер Кыргызстандын кен байлыктарын айрыкча алтын кендерди арзыбаган акчага алууну каалагандарбы? Эгер алар болсо, Кыргызстандан кандай жолдор менен кен байлыктарды алып иштетүүнүн жолдорун жакшы билишет. Алар шайлоо убагында мамилеси бар саясатчы жана саясий партияларга демөөрчүлүк кылышы да мүмкүн. Президенттик шайлоодо да рейтинги жогору болгон талапкерлер менен сүйлөшүп алып, каражат жагынан жана башка маселелерин чечүүгө жардам бериши толук мүмкүн. Ошондой эле утуп чыгышы үчүн сүрөп, жыйынтыгында көздөгөн максатына жетиши ыктымал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости