www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тийиштүү мамлекеттик органдарга бир катар мамлекеттер менен эл аралык каттамдарды калыбына келтирүү боюнча ишти күчөтүү милдеттендирилди. Бул тапшырманы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди.

Отурумда  мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги "Торугарт-автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишин жандандыруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Премьер-министр медицина кызматкерлерине кошумча төлөмдөрдү төлөө маселесине токтолду.

"Мындан ары бир дагы шаарда, райондо, ал тургай алыскы айылдарда коронавирус инфекциясына  чалдыккан бейтаптарды дарылоого тартылган медицина кызматкерлерине кошумча төлөмдөрдү берүү маселесине жоопкерчиликсиз мамиле жасаган учур кайталанбасын. Мен тартипсиздикке жол бербейм, төлөм боюнча кылдат текшерүүлөрдү жана мониторинг жүргүзгүлө", – деди Өкмөт башчы.

Ошондой эле, Кубатбек Боронов азык-түлүк коопсуздугун жана дары каражаттарынын үч айлык запасын камсыздоонун маанилүүлүгүнө токтолуп, тиешелүү тапшырмаларды берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости