www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Мекеним Кыргызстан" партиясынын лидери Мирлан Бакиров менен "Табылга" партиясынын лидери Туратбек Акимканов биргеликте иш алып баруу тууралуу меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу "Мекеним Кыргызстан" партиясынын штабы кабарлады.
"Табылга" партиясы негизинен Ысык-Көл облусунун активисттери тарабынан негизделген. 2016-жылы 27 пайызга добушка, Каракол шаардык кеңешине шайлоодо 28,5 пайыз добуш менен биринчи орунду алган.
Юстиция министрлигинин реестриндеги маалыматка ылайык, партиянын негиздөөчүлөрүнүн катарында Асылбек Бабаев, Туратбек Акимканов, Каныбек Егембаев, Азат Каратаев, Эрлан Айсаракунов, Мира Абдыраимова, Улан Чыманов, Марс Токтогазиев, Канат Жаныбеков, Акбарбек Бараков көрсөтүлгөн.
Белгилей кетсек, "Бирик" партиясы "Мекеним Кыргызстанга" кошулган. Кийин "Бирик" саясий партиясынын мүчөсү Дастан Мурзалиев партиянын Ош шаарындагы мүчөлөрү "Мекеним Кыргызстан" партиясы менен биригүүгө каршы экенин билдирип чыккан.
Ал эми "Мекеним Кыргызстан" партиясы 2015-жылы түзүлгөн. Аны парламенттик шайлоого Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров жетектеп баратат.
Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген.
Булак: NazarNews.kg