www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу "Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо уюмунун өкүлү Аида Байжуманова билдирди.​ Билдирүүгө караганда, бүгүн, 22-майда, укук коргоочу Төлөйкан Исмаилованын Алмазбек Атамбаевге байланыштуу арызы Жогорку Сотто каралып, күчүндө калтырылды.

Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулова Алмазбек Атамбаев алардан кечирим сурап, ар бирине 10 миллион сомдон компенсация төлөөсүн талап кылышкан. Алар алгач Биринчи Май райондук сотуна, андан кийин шаардык сотко кайрылып, канаттандырылган эмес.

Эскерте кетсек, былтыр ажо Алмазбек Атамбаев Энелер майрамында аялзатын куттуктап жатып, Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилованы “чет элдик грантын актоо менен алектенген бейөкмөтчүлөр” деп атаган.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости