www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өкмөттүн күзгү-кышкы мезгилге даярдыгы төмөн. Мына сентябрь болду ТЭЦке бир тоголок көмүр түшө элек. Учурда Казакстандан келчү 400 миң тонна көмүр келеби же жокпу деген күмөн бар. Себеби «КонтактУглеПромду» тендердик комиссия мыйзам бузуу болсо дагы жеңүүчү кылып чуу жаратты. Утулган компаниялар көз карандысыз мекеме аралык комиссияга арыз жазып кайрылып жатышат. Бул процесс 2 жарым айга чейин созулуп кетиши мүмкүн.
Казактар болсо сентябрь-октябрь айларында көмүр бере албай турганын кабарлашканы айтылууда. Убагында көмүр келбесе ким жооп берет? Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууган «Электр станциялары» ААКнын башкы директору Таалайбек Толубаев суудан кургак чыкпайбы? Мурдагы былыктары буга сабак болбоптур. Бул тууралуу "Фабула" гезити жазып чыкты.
Булак: NazarNews.kg