www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ЖК депутаттары эмнеге эле мурду жок букача сүзө качырып, мыйзамдарды кыйгап өтөт десе, депутаттар өлкөдөгү “кризисти” тагыраагы, “кризистерди” билишпейт да, сезишпейт да окшобойбу. Же, мындай жөнөкөй иштерге баштарын ооруткулары келбейт.
Мына бүгүн эле, парламент мөөнөтүнөн мурда таркай турганы имиш-имиш менен айтылып жатты эле, төраганын орун басары Мирлан Бакиров: “Жогорку Кеңешти мөөнөтүнөн мурда таратууга негиз жок. Анткени, таркатуу тууралуу сөз кыла тургандай өлкөдө саясий кризис жок” - деп жооп кыла салыптыр.
Таң калычтуу бекен? Албетте таң калычтуу. Кой-Таш чыры, чек ара чыры, Атамбевдин кол тийбестигин алуу ж.б.у.с. санай берсе четинен Чубактын кунундай эле чубайт го чиркин.
Дегинкиси, депутаттар өздөрүнүн саясий кризиске кептелишкенин билишсе гана, сын айтылса чычалап, “мен чимкирик эмес илита, кой эмес кочкормун” дегендер же “сексалютту” катырып, Билим берүүнүн отличнигин алган “уялчаак” эл өкүлдөрү, эл менен эсептешпей, көздөрүн май басканы кашкайды го.
Кыскасы Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркайбы же таркабайбы, VI чакырылыштын мөөнөтү соңуна келди. Келерки жылы парламентарийлерди шайлоо баары бир болот. Эми шайлоочусунун алдында берген убадаларын аткара албагандар, кантип кайра калп айтып, ишендирүүнүн жолун изденип жатышкандыр.
А баса, биз бул макаланы чыгарардан мурда, ушул суроого жооп алуу максатында ЖКнын маалымат кызматына жана бир нече депутаттарга узаткан суроолорубуз жоопсуз калды.
Булак: "NazarNews.kg"