www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Азамат Арапбаевге таандык кеңселер тонолду. Депутатка таандык 3 кеңсеге уурулар кирип, 2,3 млн сом, 70 миңдей доллар жана 10 миң доллардык алтын буюмдарды алып кетишкен. Уурулар ошол кеңселердин биринде иштеген кызматкерлердин бири болушу мүмкүн деген шек бар.
Юстиция министрлигинин базасы боюнча, А.Арапбаевге “Tremlend Treding Company” (Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, 102), “Электродекс” кыргыз-кытай биргелешкен ишканасы (Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү, 181), “Ала-Арчинский кирпичный завод” (Кара-Суу району, Бешмойнок айыл), “Ош-Ойл ЛТД” (Ош шаары, Раззаков көчөсү), “Даннур” (Ош шаары, Курманжан датка көчөсү, 142), “Даннур-Юг” (Кара-Суу району, Бешмойнок айылы), “Азия-Юг” (Ош шаары, Карасуу тракты), “УзгенЭнергоУголь” (Өзгөн району, 15 жаш) ЖЧКлары таандык. Мындан тышкары арапбаевдерге “Араван цемент заводу” да тиешелүү.
Азамат Арапбаев Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынан депутат.
Булак: NazarNews.kg