www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тоноочулукка шектелген жаран кармалды

Тоноочулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Чүй ОИИББынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын орто ченинде Москва районунун ИИБнө аймактык ооруканадан телефон чалуу болуп, дене жаракаттары менен эркек киши кайрылып кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул окуя боюнча дароо ыкчам тергөө тобу көрсөтүлгөн дарекке чыгышып, териштирүү иштерин жүргүзгөн учурда, анын өздүгү аныкталып, 1981-жылы туулган Д.Ч. аттуу жаран экендиги маалым болгон.

Териштирүү учурунда, 2020-жылдын 14-сентябрь күнү болжол менен саат 20:00 чамаларында Москва районунундагы парктардын биринен белгисиз жаран эч себепсиз жабырлануучуга кол көтөрүп, анын телефонун тартып алып, белгисиз тарапка из жашырып кеткени белгилүү болгон.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Москва районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип, 20 жаштагы К.Ш. аттуу жаран кармалып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости