www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Төө-Ашууда автоунаалардын кыймылы акырындап жандана баштады. Жеринде кайгуул милициянын кызматкерлери иштеп жатат. Бул тууралуу Чүй ЖКККББнын маалымат катчысы Тимур Мирсадык уулу кабарлады.
Эске салсак, Төө-Ашууга кар жаап, 23-октябрь түштөн бери унаалардын узун кезеги жаралган.
Мирсадык уулунун айтымында, күндүзгү тыгын фура трассаны тосуп калгандыктан пайда болгон.
"Мындан сырткары, унаа жолдо жүк ташуучу машиналар жана жайкы дөңгөлөгүн кышкыга алмаштыра элек көлүктөр көп болгондуктан кыймыл кыйындап, жайлап калган. Азыр кыймыл акырындап жандана баштады. Жеринде Чүй ЖКККББнын кызматкерлери иш алып барууда. Алардын күчү менен жол ачылып, ылдый түшүп жаткан унаалар көзөмөлгө алынды. Жол тайгак болгондуктан автоунаалар жай жүрүүдө", — деди Мирсадык уулу.
Ал эми ӨКМдин маалымат кызматы буга чейин азыркы тапта жол тыгын жок экенин билдирген.
Булак: NazarNews.kg