www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистандык Аббас Али Шах төрт жылдан бери Бишкекте жашап келет. Аббас-Эл аралык медицина мектебинин бешинчи курсунун студенти.

Ал  коронавируска каршы күрөшүүдө кыргызстандык дарыгерлерге жардам берүүнү көздөп, күндүзгү стационарлардын биринде ыктыярчы болуп иштеп жаткан. Бирок ал жерде иштегенине узак убакыт боло электе, 20-июлда Аббастын катуу сабалгандыгы белгилүү болуп, ага жана анын досторуна Кой-Таш айылында бир нече кыргызстандык кол салган.

Ал журналисттерге эмне үчүн билим алуу үчүн Кыргызстанды тандап алгандыгын жана кол салуудан кийин анын Кыргызстан жөнүндө көз карашы кандайча өзгөргөнүн айтып берди.

“Мен ар дайым чет өлкөдө билим алууну кыялданчумун. Менин досум Кыргызстанга келгенден кийин, мен дагы ойлонуп, Бишкектеги университетке тапшырууну чечтим. Мага Кыргызстандын табигый кооздугу: таза аба, ажайып тоолор жана, албетте, өлкөнүн бермети – Ысык-Көл таасир берди. Үйдү сагындым деп айта албайм, анткени бул жакка ушунчалык көнүп калгандыктан, Кыргызстанды экинчи мекеним деп эсептейм” – деди Аббас Али Шах.

“Эң таң калыштуусу, тоолордо белгисиз адамдар мага жана менин досторума кол салышкандыгы болду. Мындай болушу мүмкүн деп эч качан ойлогон эмесмин. Менин үй-бүлөм жана досторум бул жөнүндө билишпейт. Алар Кыргызстанды коопсуз жана кооз өлкө деп ойлошот. Албетте кооз өлкө – мен буга 100 пайыз кошулам. Бирок коопсузбу – мен буга шектене баштадым. Мен Кыргызстанда калгым келген, бирок кол салгандан кийин, корко баштадым. Андыктан Пакистанга кайтууну чечтим. Бул окуяга чейин бирөө келип, себепсиз сабайт деп ойлогон эмесмин. Чынын айтканда, мен коркуп баштадым.

Бул мен үчүн гана эмес, мага окшоп окууга келген досторум үчүн да коркунучтуу.

Азыр өзүмдү жакшы сезип жатам. Бирок мен дагы консультация алуу үчүн дарыгерлерге барышым керек. Мен өзүм кардиолог болууну үйрөнүп жатам, Кудай сактасын, мен ооруканада иштеп, буюрса, бейтаптарды сакайтам”, – деди ал.

Эске сала кетсек, пакситандык студенттерге кол салган шектүү үч киши кармалган. “Бейбаштык” беренеси боюнча сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат. Бул факты боюнча тергөө Ички иштер министрлигинин жетекчилиги тарабынан жеке көзөмөлгө алынган.

Пакистандык студенттер сабалып жаткан учурда алардын биринин эпилепсиясы кармап калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости