www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тоолуу Карабактагы Шуша шаарына жакын жерде мина тазалоо иштери жүрүп жатканда жарылуу орун алып андан орусиялык офицер каза болду. Бул тууралуу маалыматты Орусиянын Коргоо министрлиги билдирүү таратты.
«Шуша калктуу конушуна жакын жердеги жолдун бир бөлүгүн минадан тазалоо учурунда жарылуучу зат жарылды», - деп билдирген Коргоо министрлиги.
Жарылуудан орусиялык офицер жаракат алган. Аны ооруканага жеткирүү чаралары көрүлүп жаткан маалда, тилекке каршы, ал каза болгон. Коргоо министрлиги каза болгон офицердин үй-бүлөсүнө бардык жагынан жардам жана колдоо көрсөтүлөрүн кошумчалаган.
Эске салсак, буга чейин Орусия, Армения жана Азербайжандын лидерлери Карабакта ок атышпоо боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышканы белгилүү болгон. Келишим боюнча 10-ноябрда ок атышуу толугу менен токтогон.
Мындан тышкары, Армения Азербайжан тарапка Агдам Кельбажар жана Лачин райондорун өткөрүп берген. Учурда аталган аймактарды Орусиянын тынчтык күчтөрү көзөмөлдөөдө.
Булак: NazarNews.kg