www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Помпео Орусия АКШнын душманы экенин жарыялады

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Орусия Американын душмандарынын тизмесинде экенин билдирди.

"Менден ар дайым биздин душман ким деп сурашат жана анын жообу мындай: биздин жашоо образыбызга, республикабызга, негизги демократиялык принциптерге доо кетирүүнү каалагандар көп. Бул тизменин башында сөзсүз Орусия бар", - деди Помпео Марк Левиндин радио берүүсүнө берген маегинде.

Адатта, АКШ чиновниктери Россияны душман эмес, каршылаш деп атап келишкен. Помпеонун өзү ушул аптанын башында Орусияны "АКШнын чыныгы каршылашы" деп атаган.

Мамлекеттик катчы америкалык маалымат каражаттарында Россиянын акыркы киберчабуулдарга тиешеси бар деген маалыматтарды эске салды. "Биз буга чейин көптөн бери эле байкап келгенбиз - асимметриялык потенциалды колдонуу жолу менен АКШнын аларга акча төлөп бере турган абалга жеткирүүгө аракет кылышат",- деп кошумчалады Помпео.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости