www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13-апрель, дүйшөмбү күнү, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшүшү күтүлөт. Ошондой эле тоолуу өрөөндөрдө жолдор тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй менен Таласта +14…+19, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +15…+20, ал эми Ысык-Көл менен Нарын жергелеринде +13…+18 градус болот.

Ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаап, күндүн табы борбор калаада +16…+18 градуска чейин жетсе, Ошто термометрдин көрсөткүчү +18…+20 градусту көрсөтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости