www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖАН КАШАЙГАНДАГЫ СӨЗ!
Өлкөбүз эгемендүүлүккө жетишип, өз алдынча оокат кыла баштаган мезгилден тарта көз чаптырып ой жүгүртүп көрсөң, кубанычтуу жагдайларга караганда, эрдиңди тиштеген жагдайлар көп болгону өкүндүрөт. Эки жолу мамлекеттик төңкөрүш, 26 жылдык тарыхыбызда 28 премьер министрдин эле алмашканы эле эмнени айтып турат?! Улам эле бийлик алмаша берип ашмалтайы да чыгып кетти. Бир болсо, дагы алмашканы турат. Кудай сактасын эми. Же иштеп кеткен төбөлдөр, шалаакылык менен мамлекетке келтирген зыяны үчүн жооп беришпейт. А бул болсо коррупциянын туу чокусуна жетти дегенди билдирет. Деги "на совесть" ойлоно турган чиновник барбы деп да ойлонуп кетесиң. Жаның кашаят да... Балким таза иштеген чиновниктер бардыр, бирок алар деңиздеги тамчыдай болуп эч нерсени өзгөртө албай жатышкансыйт...

Көз дүгүртчү бураадар: Кайсы тармагыбыз толугу менен реформаланган? Кайсы тармагыбыз толугу менен жаңыланган? А жаңылоого, реформалоого ким жолтоо болууда??? Груңия, Эстония, Өзбекстан ж.б. постсоветтик өлөкөлөрдөгү реформаларды көрүп көзүң күйөт. Качанга чейин элибиз сыздайт, кыйналат? Эстеп көргүлөчү кайсы ири грант же кредиттин эсебинен бүткөрүлгөн мамлекеттик деңгээлдеги проект "махинациясыз" же "чыр-чатаксыз" бүткөрүлгөн? Кумтөрдөн баштап, Акаев заманындагы Турциянын 70 млн. гранты, орустардын 300 млн. кредити ж.б. ж.б. Ош-Бишкек жолунун алгачы реконструкциясы, Бишкек-Балыкчы-Корумду трассасы, ТЭЦтин реконструкциясы айтор көбү эсимде жок экен, баардыгы "коррупция" жыттанат, чыр-чатак, чийки бүткөн, элдин пешенесине прозрачно бүткөнү жок.

Ой тообо кылдым, акыры чиновниктер да уялабы деги, качан тойот, качан элдин ырыскысын өз ордуна койот? Тарых кечирбейт... Бул дүйнө беш күндүк өмүр. Абийир соту деген барго акыры... А. Масалиев, Н. Исанов, Ж. Ибраимовдой пешенебизге эл үчүн күйгөн жол башчылар качан келет?! С. Жапаров, М. Мырзакматовдой эл үчүн күйгөн инсандар түрмөдө, аргасыздан талаада...
Мамлекетти ар тараптан тоноп бүтмөй болушту го. Алмайдын бермейи бар деген жашоо мыйзамын унутта калтырышты. Намыс, уят деген болуш керек го акыры. Жалпы эл дуба кылып, төбөлдөрүбүзгө ыйман, ынсап тилейличи оо кадырман калк! Алакандай жерибиз, аз гана элибиз бар. Гүлдөтүп салганга толук ресурсубуз да бар, бирок ким? Ким гүлөдөтөт, Ким?

Абдусамат мырза

Булак: NazarNews.kg

Последние новости