www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов талкаланган Ак үйдү оңдоп-түзөө иштери депутаттардын эсебинен каржыланаарын билдирди.

“Депутаттар айлыгынан баш тартышты. Алардын каражаттары Ак үйдөгү бузулган эшик, терезелерди оңдоого кетет. Андан тышкары демөөрчүлөр да чыгып жатат. Ак үйдү оңдоодо бюджеттен каражат кетпейт”, – деди спикер.

Белгилей кетсек, буга чейин депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүү үчүн 450 миллион сомго жакын каражат керектеле турганын айткан.

Бул окуя тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев акыркы кырдаалдардан улам Ак үй оңдоп-түзөө иштерине муктаж экендигин айтып, бирок 90 %дан кем эмес депутаттар өз иш бөлмөлөрүн, өз чөнтөгүнөн чыгарып оңдоп берүүгө кудуреттери жетерин айтып чыккан.

Эске салсак, шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон митингчилер 6-октябрда Ак үйдү басып алышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости