www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Республика Кеңешинин Төрагасы Михаил Мясниковичти Беларусь Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Анда мындай деп айтылат:

“Сизди жана бардык Улуттук Жыйындын Республика Кеңешинин депутаттарын мамлекеттик майрамыңыздар – Беларусь Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен куттуктайм!

Эгемендик алган күндөн бери Беларусь бардык мамлекеттик ишмердүүлүк жаатында жана эл аралык деңгээлде аброюн арттырууда зор ийгиликтерге жетишти.

Бул жылдар аралыгында түзүлгөн эки өлкө ортосундагы жылуу мамилебизди, бекем достук байланышыбызды жана парламенттер аралык жакын кызматташтыгыбызды терең канааттануу менен белгилейм. Айрыкча, биз депутаттар Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүдө жана бекемдөөдө биримдикте экенибиз кубандырат.

Учурдан пайдаланып, Сизге бекем ден-соолук, жакшылык жана жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө зор ийгиликтерди каалайм! Ал эми Беларусь Республикасынын элине тынчтыкта өнүгүүнү тилейм!"

Булак: NazarNews.kg

Последние новости