www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төрага Түркия Парламентинин башчысы менен сүйлөштү

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Баарлашууда тараптар кыргыз-түрк алакасына жана парламенттер аралык кызматташтыкка, анын ичинен Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын алкагындагы байланыштарга тиешелүү маселелерди талкуулашты. Ошондой эле парламент nөрагалары коронавирус илдетинин жайылышына каршы күрөшүү көйгөйлөрүнө да токтолушуп, пандемия шартында тыгыз кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилешти.

Эске сала кетсек, телефондук сүйлөшүү Түркия тараптын демилгеси менен уюштурулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости