www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров 1 адамга Жогорку Кеңештин депутаты болуп 3 жолу шайланууга тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу ал парламенттин бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында айтты.

Ал буга чейин Жогорку Кеңешке келүүчү партиялар үчүн чекти 11 пайызга көтөрүүнү сунуштап келген. Азыр бул оюнан кайтты.

«3 пайызга түшүргөн туура эле болот экен. Бул мыйзамга өзгөртүү киргизишибиз керек.

Эл бүгүнкү күндө дагы бир нерсени күтүп отурат. Люстрация маселеси.

Урматтуу депутаттар, эгерде биз каалай турган болсок, ошол шайлоо кодексине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты 2 жолудан ашык депутат боло албайт деген норманы да киргизип койсок жакшы болот. Ошондо гана таза шайлоого, жаштарга жол ачылат», - деди Төрөбай Зулпукаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости