www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеӊеш жыйынында Бишкек ЖЭБдеги авариянын себептери жана анын кесепеттерин жоюу боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда, депутат Талант Мамытов бул күндөрү авариядан жабыр тарткан шаар тургундары келишимде көрсөтүлгөн көлөмдөгү жылуулукту албай калганын, алар сотко берсе, ЖЭБ банкротко учурай турганын билдирди. Ошондон улам, ал өкмөт мүчөлөрүн азыртадан шаар тургундарына келтирилген чыгымдардын ордун толтуруп берүүгө чакырды.
Ал депутат Төрөбай Зулпукаров өкмөт башчысын жоопкерчиликтин баарын өзүнө алып, айрым аткаминерлерди калкалап калбай, аларды жоопкерчиликке тартууга чакырды.
Премьер-министр Сапар Исаков эл өкүлдөрүн шаар тургундарына келтирилген чыгымдарды иликтеп чыгып, алардын чыгымдарынын ордун толтуруу жаатында жана күнөөлүү кызмат адамдарына карата тиешелүү чаралар көрүлө турганына ишендирди.
Белгилей кетсек, жыйынга биринчи Премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышууда деп билдирет Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы.
Булак: NazarNews.kg