www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Венесуэланын президенти Николас Мадуро Боливариан Республикасынын аялдарын кеминде алтыдан бала төрөгөнгө чакырды. Ал мындай билдирүүсүн 3-мартта Каракас мамлекеттик телевидениеде сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Президенттин айтымында, өлкөдөгү ар бир аялдын алтыдан кем эмес баласы болушу керек. Ошондой эле ал Боливариан Республикасынын баардык аялдарын 8-мартта өтө турган манифестацияга чакырды.

Венесуэла акыркы жылдары гиперинфляция, зарыл болгон товарлардын таңкыстыгы жана улуттук валютанын девальвациясы менен коштолгон социалдык-экономикалык кризисти башынан өткөрүүдө. БУУнун маалыматына ылайык, акыркы учурларда өлкөдөн 4,5 млн. адам миграцияга кеткен. Алардын 80%ы коңшу өлкөлөрдө жан багып жүрүшөт. Кээ бир болжолдоолорго караганда, алардын саны 6,5 млн. адамга жетиши мүмкүн. 

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости