www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкер Төрөкан Жунусбековдун артыкчылыктуу багыты – коррупцияга каршы күрөшүү. Бул тууралуу ал маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда коррупция көптөгөн багыттарда гүлдөп жатат. Бирок, кайсы жетекчилик коррупциялык схемаларга атайын катышып жаткандыгын айта алган жок.

Коронавирус пандемиясына каршы кантип күрөшүүнү пландап жатат деген суроого мэрдин кызмат ордуна талапкер: «Вице-мэр Алмаз Бакетаев бар. Мен ага кайрылам, маселени чогуу чечебиз”, – деди ал.

Белгилей кетсек, Төрөкан Жунусбеков вице-мэрдин креслосуна 26-октябрь, дүйшөмбү күнү отурууну пландап жатат. Ал Нариман Түлеев менен иштешүүгө макул эмес.

«Эгерде мен мэрдин милдетин аткаруучу болсом, Нариман Түлеевди кызматтан алуу боюнча буйрук даярдайм», – деди Төрөкан Жунусбеков.

Эскерте кетсек, Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматынан кетти. Буга чейин Азиз Суракматов кызматтан кеткен. Суракматов экс-мэр Нариман Түлеевди биринчи вице-мэрлик кызматка дайындаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости