www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бабанов элдин түйшүгүн жеңилдетет элем деп эл үчүн фабрика, завод деле курган жок», - деди бүгүн, 9-июнда NazarNews маалымат агенттигине уюлдук компаниянын кеңешчиси Төрөхан Жунусбеков

- Төрөхан, Таласта Бабановду колдоп митингге чыккандар аны таза иштеп, ак жеринен караланып жатат деп колдоп чыгыштыбы же биздин бала деген түшүнүк менен колдоого аргасыз болуштубу?

- Таласта Бабановду партиялаштары жана туугандары колдоп чыгып жатканы боюнча маалыматым бар. Анткени, алар ар бир шайлоодо акча алып көнүп калышкан, азыр да акча таратылган деген маалымат алдым. Негизи Бабановдун тарапташтары акчасыз чыгышпайт. Ал турсун Бабанов үчүн эч ким убактысын бөлгүсү да келбейт. Митингге чыккандарга таратып жаткан акчасын эле тыйып койсо, митинг заматта токтойт...

- Айрымдар Бабановду берешен десе, кээ бирөөлөр катуу адам катары сүрөттөйт. Аны эл уулу, элинен кызматын аяган эмес деген адамдардын катарына кошсок болобу?

- Мен элден аянбайт дегенге Бабановду кошо албайт элем. Анткени, Бабанов бардык жооптуу кызматтарды аркалаганына карабай элге жакшылык деле кылган жок. Элдин түйшүгүн жеңилдетет элем деп эл үчүн фабрика, завод деле курган жок.

Тагыраагы, заводду Россиянын Пенза областына курду. Ал эми Таласты тобокелге салдырып, «Жерүйдү» каздырып, бирок мамлекеттин бир да пайыз үлүшү жок кылып, ушул эле Бабанов россиялык чечен бизнесменге алып берди. Эми «Кумтөрдөн» дагы 100 млн. доллар пара алган деген маалыматтар айтылып жатат. Эгер алганы чын болсо, жоопкерчиликке тартылышы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости