www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Beijing Institute of Biological Products Co.Ltd компаниясы тарабынан өндүрүлгөн Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы Кыргызстанга болжол менен 20-июнга чейин алынып келет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, вакцинаны жеткирүү маселеси чечилди.

«Жеткирүү үчүн чартердик каттам уюштурулат. Болжол менен вакцина 20-июнга чейин алынып келинет», - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 19-мартта Республикалык иммунопрофилактикалык борбору Beijing Institute of Biological Product Co.Ltd кытай компаниясы тарабынан өндүрүлгөн «Синофарм» вакцинасынын 150 миң дозадан турган биринчи партиясын алган.

Мындан тышкары, 25-майда КР Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн жетекчиси Айнура Акматова гуманитардык жардам катары кайтарымсыз негизде кытай вакцинасынын дагы 150 миң дозасы келерин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости